• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Владимир Путин тууганы Анна Цивилеваны жооптуу кызматка дайындады

18 Баш оона 202413:04 Бишкек Govori.TV

Владимир Путин өзүнүн аталаш агасынын кызы Анна Цивилеваны Орусиянын Коргоо министринин орун басары — мамлекеттик катчы кылып дайындады. Жарлык укуктук маалымат порталында жарыяланды.

Цивилева 2024-жылдын июнь айында Коргоо министринин орун басары болуп дайындалган жана аскер кызматкерлерин социалдык жана турак жай менен камсыздоону уюштурууга жооптуу болгон.

Анна Цивилеванын күйөөсү, Кемерово облусунун мурдагы губернатору Сергей Цивилев быйыл Орусиянын энергетика министри болуп дайындалган. 2023-жылдын апрелинен бери Цивилева өзү “Атайын аскердик операциянын” ардагерлерине, Донбасстагы согуштун катышуучуларына (2014-жылдын май айынан бери) жана курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө жардам берген “Мекенди коргоочулар” фондун жетектеп келет.

«Агенттик» Анна Цивилева Владимир Путиндин аталаш бир тууганы экенин ырастайт. Басылманын маалыматы боюнча, Цивилеванын кыздык фамилиясы ММКларда айтылгандай Логинова эмес, Путина (ал Логинова фамилиясын психиатр Лев Логиновго турмушка чыккандан кийин алган). Анна Ивановодо төрөлгөн, атасы орус президентинин аталаш бир тууганы деп жазды Настояшай Время маалымат агенттиги.

Теги:
Количество просмотров: 311