• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Военно-Антоновкада милиционерлер сабалды

7 Тогуздун айы 202114:32 Бишкек Govori.TV

Сокулуктун Военно-Антоновка айылында куруучулар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкты. Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, 31-августта мас абалдагы куруучулар №295 контурдагы жер тилкесинде мыйзамсыз курулуш жүргүзүп жатышкан.

Ал жерге барган аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери курулушту токтотууну талап кылышкан. Бирок алар макул болбой, милиция кызматкерлерин курулуш материалдарын колдонуу менен ур-токмокко алган, деп айтылат.

Бул окуядан кийин 3 милиция кызматкери ооруканага жаткырылып, Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбашчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Шектүүлөр убактылуу камакка алынды. Тергөө уланып жатат.

Количество просмотров: 108