• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Январь окуялары: Актөбөдө 18 шектүүнүн иши боюнча сот башталды

14 Тогуздун айы 2022 9:03 Бишкек Govori.TV

Казакстанда Актөбө шаарынын райондор аралык соту Январь окуялары боюнча козголгон кылмыш иштерин карай баштады.

Бул иштерде шектүү катары өтүп жаткан 18 киши «Жапырт башаламандык», «Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү» жана «Курал-жарак уурдоо» беренелери менен айыпталууда. Алардын ичинен Нурсултан Исаев аттуу тургунга оор беренелер («Жапырт башаламандык» жана «Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү») боюнча айыптар тагылган. Буга чейин ал Актөбө шаардык тергөө абагында ачкачылык жарыялаган. Анын жакындары бир нече жолу облустук прокуратуранын алдына чогулуп, ага каршы козголгон кылмыш иштерин кайрадан квалификациялоону өтүнүшкөн. Алар Исаев «адам өлтүрбөгөнүн, оор беренелер менен айып таккыдай эч нерсе кылбаганын» айтышкан.

Алгачкы сот отурумунда адвокаттар төрт шектүүнүн бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүштү. Сот алардын бирин үй камагына чыгарууга макул болду. Мындан тышкары «үй камагына байланыштуу үй-бүлөсүн бага албай жатканына» даттанган үч айыпталуучунун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, алардын көчөгө чыгуусуна уруксат берилди.

Актөбө шаарында Январь окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш иштери боюнча жалпысынан 39 киши жабырлануучу катары өтүүдө. Алардын көбү полиция кызматкерлери. Арасында ал кезде шаардык полиция башкармалыгын жетектеп турган Бауыржан Атабаев бар. Учурда шаардагы Мугалжар райондук полиция департаментинин башчысы болуп иштеп жаткан Атабаев Январь окуяларында колу сынганын билдирген.

Адвокаттардын айтымында, кээ бир шектүүлөр айыптоолорду четке какса, башкалары күнөөлөрүн жарым-жартылай же толугу менен мойундарына алууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, Актөбө шаарында Январь окуяларына байланыштуу козголгон 21 кылмыш иши сотко өттү. Июлда Актөбө соту жергиликтүү «аэропортту басып алууга» айыпталган үч кишиге карата 3,5 жылдан эрктерин чектөө өкүмүн чыгарган.

Количество просмотров: 88