• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Япония менен Кореядан Кыргызстанга 43 жаран алынып келинди

14 Бугу 202017:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-майда, Япония менен Кореядан Кыргызстандын 43 жараны Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Келген жарандардын бардыгы белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынган.

«Тышкы иштер министрлиги тарабынан Өкмөттүн буйругуна ылайык, COVID-19 коронавирустун пандемиясынын таралышына байланыштуу эл аралык аба каттамдарынын токтотулушуна байланыштуу чет мамлекеттерден Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында уюштурулду»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 91