• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

«Ыйлагым келип турат». Айсулуу Тыныбекова беттештен кийин кыргыз элине кайрылды

4 Баш оона 202123:01 Бишкек Govori.TV

Олимпиадада күмүш байге уткан балбан Айсулуу Тыныбекова «Фейсбук» аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды.

«Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам! Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат… Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык! Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз», — деп жазган ал.

Ошондой эле Тыныбекова алдыдагы күндөрү беттешке чыкчу спортчуларга ийгилик каалаган.

Количество просмотров: 887