Ашхабад милициясы жаңы туулган баласын таштандыга ыргытып жиберген студент кызды кармады.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, окуя 22-июлда болгон. Шектүү Түркмөн мамлекеттик экономика жана башкаруу институтунун студенти. Ашхабаддагы «Гаудан А» районунун тургундары таштанды челегинен жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгүн табышкан. Бул райондо аталган институттун жатаканасы жайгашкан.
Милиция иликтөө учурунда шектүүнүн студент экенин аныктаган.
Кошумчалай кетсек, Түркмөнстанда бойдон алдырууга тыюу салынган.