• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ырчы Айбек Карымов Финпол тарабынан кармалды деген маалыматты четке какты

20 Кулжа 202010:15 Бишкек Govori.TV

Ырчы Айбек Карымов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалды деген маалыматты четке какты. Ырчынын жубайыГүланда маалыматты жокко чыгарып, достору менен отурган видео жарыялады.

«Эки күн жайлоого кетип калсам, элдин баары мен жөнүндө интернетке маалыматтарды жайнатып жибериптир. Менин тагдырымды ойлогон досторума, күйөрмандарыма ыраазычылык айтам», — деди Карымов.

Эске салсак, кечээ 19-июнда ырчы Айбек Карымов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалганын айрым маалымат булактары жазып чыккан. Анда Айбек Карымов Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын 4 жетекчиси менен кармалганы жазылган.

https://www.instagram.com/p/CBn7ddVlCjn/?igshid=wxist0t5w9o8
Количество просмотров: 1850