• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Назира Айтбекова: Бизде үнү жок ырчылар менен мээси жок саясатчылар популярдуу…

23 Кулжа 2022 13:58 Бишкек Govori.TV

Блогер Назира Айтбекова коомдогу болуп жаткан окуяларга активдүү ой-пикирин билдирип келет. Бүгүнкү күндө фонограммасыз ырдаган Бегимай жана кумарканаларды ачуу тууралуу маселе тууралуу өзүнүн ой-толгоосун жазды.


«Ошондойлорго күйөрман болгон , ошолордун таламын талашкан элге таарынам. Жеткен дараметибиз ошол да!»


“Муну шайлаба! Көргө сүйрөйт!” деп , тилиң тешилип калгыча какшап атсаң, “Эл душманы!” кылган элге деле бооруң оорубайт! Бул дагы башталышы! Аңга түртүп, сазга батырып салса, көзүбүз ачылабы балким дейин десем, ачылбай деле калды го!»


«Бир сценарий беш жолу кайталанып атса, демек, ал сценарийди өчүрүп туруп, аңдап, ойгонуп , кайра жазышыбыз керек болчу. Кыязы , эски адамдардын сценарийин оңдош кыйын окшобойбу?! Жаңы муун эле акылдуу чыгып, жаңыча сценарий жазбаса, 30 жылдан бери бир эле адамдарды шайлап келе жатабыз!»


«Сооп , чала болот бизге! Дагы көргүлүктү көргөзүп, чала бышкан мээбизди каңдашса экен бул бийлик! “Задний проходдон”’чыгара — чыгара!»,-деп жазды.

Количество просмотров: 8322