Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 16-мартта ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенди кармап, 48 саатка камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Венера Буудайбекова билдирди.
Жактоочунун айтымында, атайын кызмат ырчыны Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген.
Венера Буудайбекова түшүндүргөндөй, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деп шек санап, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берип чыккан. Тергөөчү ырчы сөздөрүнө байланыштуу экспертизалык корутундунун негизинде кармалганын айткан.
Атайын кызмат бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.