• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ырчы Атабековдун кайрылуусу боюнча милиция жооп кайтарды

31 Үчтүн айы 2020 14:12 Бишкек Govori.TV

Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноо боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин ырчы Мирбек Атабеков анын апасы өз үйүндө каракталганы боюнча кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу милициянын шалаакылыгынан улам кылмышка шектүү эркиндикке чыгып кеткенин айтып, нааразычылыгын билдирген.

Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында Б.М. ырчынын апасынын үйүн тоноого катышканы далилденбегендиктен ага карата козголгон кылмыш иши Жазык кодексинин 26-беренесинин (иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар) негизинде токтотулган.

«Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 17-беренесине ылайык, ар бир адамдын айыптуулугу мыйзамда каралган тартипте далилденип жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен белгиленмейинче күнөөсүз деп эсептелет», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2019-жылдын 6-майында ырчынын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал үйүнө бет капчан кирип, күч колдонуп, тапанча менен коркутуп, 60 миң доллар жана алтын жасалгаларды уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.

29-августта укук коргоо органдары тарабынан Ысык-Көл облусунан шектүү катары 1995-жылы туулган Б.М. аттуу кармалган. Анын «Митсубиси Каризма» унаасы текшерилген. Анда шектүүгө таандык далил заттар, тактап айтканда алтын жасалгалар салынган баштык табылган.

Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында кармалган жаран 2 жыл мурун жасалган кылмыш ишке айыпталып жатканы белгилүү болгон.

2018-жылдын декабрь айында Кара-Жыгач конушундагы тургундун үйүнөн телефон менен ноутбугу уурдалган. Ал эми экинчи үйдү тоноодо кылмышка шектүү кармалган болчу. Тергөөнүн жүрүшүндө ал жалгыз барбаганын билдирген. Анын жанындагы жардамчысы – ырчынын апасынын үйүн тоноого шектелген жаран экенин айткан. Ал эми Б.М.ге бул факт боюнча кылмыш иши козголуп жатканы тууралуу билдирүү тапшырылган.

Өз кезегинде айыпталуучунун жактоочусу Б.М.дин ырчынын апасынын үйүнүн тонолушуна күнөөсү жоктугу тууралуу далил бар экенин билдирген. Ал күбөлөр чакырылсын деген арызын жазган. Анын негизинде күбөлөр суралып, алар ошол күнү шектүү менен бирге тойдо болгонун айтышкан. Мындан сырткары Б.М. Ысык-Көлдөгү үйлөнүү тойдо жүргөн учурда тартылган видео көрсөтүлгөн. Видео чет өлкөгө экспертизага жиберилип, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Количество просмотров: 664