• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ырчы Бек Борбиевге “Мекеним Кыргызстан” партиясынын үгүт иштери үчүн айыппул салынды

31 Баш оона 2020 13:54 Бишкек Govori.TV

Ырчы Бек Борбиевге “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын үгүт иштери үчүн айыппул салынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришти.

БШКнын маалыматы боюнча, үгүт иштери жана даттануулар боюнча эки жумушчу топтун отурумунун жыйынтыгында, Борбиевге Бузуулар жөнүндө кодексинин 44-беренесине ылайык, 7 миң 500 сом айыппул салынган.

Борбиев буга чейин “Мекеним Кыргызстан” деп аталган ыр чыгарган. Ырдын видео клибинде 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга камынган “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын эн белгиси бир канча жолу көрсөтүлөт. Мындан соң ыр коомчулукта үгүт катары сындала баштаган.

Количество просмотров: 413