• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ырчы Манижа Россиядагы кыргыз аял-мигранттарына жардам берет…

8 Бештин айы 2021 12:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйындын жүрүшүндө “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” глобалдык кампаниясы темасында сөз болду.

Музыкант, «Евровидение-2021» сынагынын финалисти, SILSILA фонунун негиздөөчүсү Манижа Сангин КРнын Россиядагы аял-мигранттарына карата зомбулук маселесин чечүүгө аракет кылуу үчүн маданиятты үйрөнүү максатында Кыргызстанга биринчи жолу келгенин билдирди.

“Көптөгөн кыйынчылыктар бар. Жарандык жана жалпы эле кандай документ болбосун алуу кыйын. Милицияга кайрылуу коркунучтуу, анткени документтер жайында эмес, сени үйүңө жөнөтүп жибериши мүмкүн. Ошондой эле, ошол эле документ маселесине байланыштуу ооруканага кайрылуу дагы татаал.

Биздин максат – мигранттарга, качкындарга жардам берүү, үй-бүлөлүк зомбулук темасын жеңүү, зомбулуктун курмандыгы болгондорго жана алардын балдарына колдоо көрсөтүү , коопсуздугун камсыздоо. Өзгөрүү керек жана биз бул жерде сиздин маданиятыңызга аралашуу үчүн келдик, бул бизге кантип туура мамиле түзүүнү түшүнүүгө жардам берет «, — деди Манижа Сангин.

Количество просмотров: 253