«Кыргызымдын жигиттери», «Жымыңдайт жылдыз», «Той ыры» аттуу обондору менен элдин жүрөгүнөн орун алган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тургуналы Нурматов көз жумду. Бул тууралуу ырчы Айбек Карымов фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
Тургуналы Нурматов 1955-жылы Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында туулган. Govori. TVнын жамааты ырчынын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.