• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ырым-жырым менен жарандарды алдаган адам гашиш менен кармалды

29 Бугу 2023 15:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында баңгизаттарды таратууга шектелген жаран кармалды, ошондой эле ал ырым-жырым менен жарандарды алдап жүргөн деп, бүгүн ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Мааламытка ылайык, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды сатууну уюштурууга шектелген 1984-жылы туулган С.Т. кармалды.

«Шектүүнү кармоо жана ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда «Toyota» үлгүсүндөгү унаасынан баштыкка оролгон өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат кочкул күрөң түстөгү каннабис чайыры (гашиш) экендиги аныкталган. Андан сырткары, алынган маалымат боюнча Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун тургуну С.Т. ритуалдык ырым-жырымдарды жасап, алдоо жолу менен жарандардын мүлкүн ээлеп алган. Айрым учурда көздөгөн максатына жетүү үчүн коркутуп да жүргөн. Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.

Кармоо иш-чарасы Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн. Кармалган жаранга жогорудагы берене боюнча шектелип жаткандыгы маалымдалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

Жогорудагы жарандан жабыр тарткандар ички иштер органдарына кайрылса же ИИМдин Кылмыш иликтөө кызматы 0312 266261 же 0703204080 номурлары аркылуу кабарласа болот.

Количество просмотров: 119