Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Ысык-Ата районунда чет өлкөлүк студентке бычак саюуга шектелген жигит кармалды.
Маалымат боюнча, кечээ, 27-апрель күнү болжол менен түнкү саат 04:21 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканага бычактан жаракат алган эркек киши жаткырылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
«Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу ооруканага барып, бейтаптын өздүгүн такташкан. Ал 1998-жылы туулган Ш.Н. экендиги жана жогорку окуу жайлардын биринде окуган чет өлкөлүк жаран экендиги аныкталган.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган», — деп кабарланат маалыматта.
Чүй ОИИББдин жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 2003-жылы туулган Ч.М. аттуу жергиликтүү жашоочу кармалды.