• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ысык-Атадагы мушташ: 13 жашар бала 32 жана 26 жаштагы эки жаранга бычык сайган

22 Аяк оона 2020 13:57 Бишкек Govori.TV

20сынан 21-сентябрга караган түнү Ысык-Ата районунда массалык мушташ болуп, эки адам бычак жегени айтылган.

“Кактус” агенттигини маалыматына ылайык, ыматта, Ысык-Ата районунун Жээк айылынын айрым тургундары айылга жакында көчүп келген үй-бүлөнү кетүүнү талап кылышкан. Мындан улам жергиликтүү жашоочулар арасында жаңжал чыккан. Үй-бүлө башка аймактан көчүп келишкен.

Кол салгандар көп болуп, алар бүт үй-бүлөнү сабап салышкан. Ошол эле учурда, жабыркаган үй-бүлөнүн 13 жаштагы уулу бычакты алып, кол салгандардын экөөсүнүн төшүнө жана бутуна сайып салган. Жабырлануучулар 1988 жана 1994-жылы туулгандар.

Ошондой эле мушташтын кесепетинен жалпы 6 адам жабыркап Канттагы ооруканага жаткырылганы да маалымдалган.

Ал эми Чүй ОИИБдин маалымат кызматы окуя боюнча билдирүү таратып, эч кандай массалык мушташ болбогонун айтат.

Мекеменин маалыматына ылайык, кошуналар баласынын туулган күнүн белгилеп, ичимдик ичишкен. Натыйжада пикир келишпестик орун алып, мушташ чыккан.

«Көчөдө ичимдик ичип жатып жаралган чыр, үйдө уланган. Үй ээсине башка да коноктор келип, ичимдик ичүү уланган. Кошуналар ортосунда пикир келишпестик жаралган. Натыйжада, үйдүн жашы жете элек баласы 32 жана 26 жаштагы эки жаранга бычык сайган. Алардын бири оорканага жеткирилип, экинчисине биринчи жардам көрсөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 213