• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Көл ооруканасына жасалма дем алдыруу аппарат, кычкылтек концентраторлору берилди

31 Теке 2020 12:56 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасына бир катар медициналык каражаттар бөлүнүп берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев фейсбуктагы баракчасына жазган.

Балбак Түлөбаев билдиргендей министрлик тарабынан райондук ооруканага үч жасалма дем алдыруучу аппарат, беш медициналык монитор, 10 кычкылтек концентратору, 10 пульсоксиметр. 150 даана «Эниксум» ампуласы (Гепариндин ордуна колдонулуучу дары), 8 миң беткап жана бир көчмө рентген берилген.

Количество просмотров: 110