Ысык-Көл районунда жол кырсыгынан 5 киши жабыркады
Ысык-Көл районунда жол кырсыгынан 5 киши жабыркады
12 Жетинин айы 201816:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.11.2018. Govori.TV
Ысык-Көл районунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 5 киши жабыркады. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда катталган. Анын кесепетинен Балыкчы шаардык ооруканасына 5 жабырлануучу жеткирилген.
Алдын ала алынган маалыматка таянсак, Балыкчы шаарын көздөй бараткан «Тойота Виш» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, унаа аласалып кеткен. Айдоочунун айтымында, көзү илинип кеткен.