• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө 400дөн ашык үйдүн жана бир нече пансионаттын короосун сел каптады

19 Баш оона 202416:13 Бишкек Govori.TV

18-августта нөшөрдөн улам кокту-колоттон келген сел Ысык-Көл районун Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир айылдарында 480 үйдү каптаган. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Ошондой эле Булан-Сөгөттү айылындагы «Аврора», «Аврора плюс», «Карвен» эс алуучу жайларынын короолорун, Корумду айылындагы Нептун», «Семиран» пансионаттырынын короосуна суу кирген.

Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Учурда 450дөй адис техникалык каражаттар менен селдин кесепеттерин тазалоо иштерин улантып жатышат.

18-август күндүз жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорундагы айыл-кыштактарда катуу жаан жаап, бир нече жерлерде сел жүрдү. Турак жайларды суу каптап, бир катар жолдор жабылган.

Количество просмотров: 172