• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө балык уулоого кетип, дайынсыз болгон жарандын жансыз денеси табылды

13 Чын куран 2021 12:05 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө балык уулоого кетип, дайынсыз болуп жаткан кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жансыз дене бүгүн, 13-апрелде табылган.

«Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн КР ӨКМнин Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 3 суучул, 2 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 4 адам жана 87366 аскер бөлүгүнөн 10 суучул тартылып, саат 10:40та маркумдун жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 10-апрелде Ысык-Көл облусунда 65 жаштагы киши балык уулоого чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Количество просмотров: 315