• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Ысык-Көлдө браконьерлер кармалды

5 Жалган куран 202417:32 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө тоо аркарларын аткан браконьерлер кармалды. Облустук милициядан билдиришкендей, мыйзамсыз аңчылык фактысы туристтик-экологиялык милициясынын тескөөчүлөрү тарабынан аныкталган.

Белгиленгендей, 4-март кта түнкү саат 02:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылык болуп жаткандыгы тууралуу маалымат Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын тескөөчүлөрүнө жана «Илбирс» фондунун өкүлдөрүнө келип түшкөн.

Аталган маалымат боюнча милиция кызматкерлери «Чаар-Арча» экологиялык көзөмөл-өткөрүү пунктунан «Тойота Фуранер» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны 47 жаштагы Барскоон айылынын тургуну У.А. айдап бара жаткан жана анын жанында 35 жаштагы айылдашы Ж.И. болгон.

Текшерүү учурунда болжол менен атып өлтурүлгөн тоо аркары, ошондой эле сайлуу ТОЗ-17, сайсыз К-12 ок атуучу куралдары жана алардын ок-дарылары табылган.

Текшерилип жаткан жарандар милиция кызматкерлерине ок атуучу куралдарга уруксат кагазын көрсөтүшүп, бирок аңчылыкка уруксат лицензиясын көрсөтө алышкан эмес.

Аталган факты Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 264