Ысык-Көлдө балдар дарыгери Эдил Садыков ооруканада көз жумду. Turmush басылмасы жазгандай, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыков 62 жашында каза болду.
Облустук бириккен оорукананын такталган маалыматы боюнча, маркум акыркы 4 күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан.
Ал 1958-жылы Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктагандан кийин Ташкенттеги медициналык институтта билим алып, Ысык-Көл облусунда 35 жылдан ашык эмгектенген.
Дарыгердин артында 3 баласы калды.