Ысык-Көл облусунда эки адамдын өлүмүнө шектелген адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги облустук милициянын маалыматына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, 1-февраль күнү саат 20:00дөр чамасында 54 жаштагы аялдын жана 29 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу айтылган даректеги үйдөн киши колдуу болгон эне-баланын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү жаран качып кеткен.
Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
«Териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда кылмышка шектүүнүн ким экени аныкталып, издөө жарыяланды», — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда Ысык-Көл облустук милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармоо боюнча тиешелүү аракеттер жүрүүдө.