• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ысык-Көлдөгү сел: Айрым унаа жолдору ачылды

19 Баш оона 202412:03 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорундагы унаа жолдорунда селден кийин тазалоо иштери жүргүзүлүп, каттам ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Ысык-Көл районунун Григорьевка – Көл – Кашка-Суу жана Корумду – Кум-Бел унаа жолдорунда каттам убактылуу жабык, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Учурда №7, №33 Жол эксплуатациялоо ишканалары тарабынан тазалоо иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 261