• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ысык-Көлдөгү селде 21 гектар айдоо аянты жабыркады

23 Баш оона 20249:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күнгө карата Ысык-Көлдөгү селде болжол менен 21 гектар айдоо аянты жабыркады. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дилбара Үсөнбаева билдирди.

Анын айтымында, учурда селден кийин Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир жана Кашат айылдарында Жарандык коргонуу кызматтары айыл чарба тармагындагы жабыркаган аймактарды изилдеп жатат.

“Бүгүнкү күнгө карата берилген маалыматтар боюнча, Ысык-Көлдөгү селде 21 гектар айдоо аянты жабыркады. Дагы изилдөө иштери улантылып жатат. Дыйкандарыбыздын үйдөгү бакчаларындагы жер-жемиштери жана мөмө-жемиштери жабыркагандыгы такталууда”, — деди ал.

Количество просмотров: 154