• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдөгү селде 480 үй жабыркаган

19 Баш оона 202414:32 Бишкек Govori.TV

19-июлга карата селдин кесепеттерин жоюуга 441 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлады.

Сел жүргөн аймактарды Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов жеке көзөмөлдөп турат.

Алдын ала маалымат боюнча Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир айылдарында 480 үй жабыркаган. Тактоо иштери уланууда.

Селден кийинки тазалоо жумуштарына ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 80 куткаруучу, Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 100 куткаруучу иш алып барууда.

Ошондой эле облустук Жарандык коргонуу кызматтарынан 261 кызматкер жана 4 экскаватор тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

Кошумча күч катары ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 60 жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынан 60 куткаруучу тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Теги:
Количество просмотров: 101