• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк чырда атасы баласына бычак сайган. Ал ооруканага жетпей каза болду

24 Жалган куран 2022 10:19 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам атасы баласына бычак сайган. Баласы ооруканага жетпей каза болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 23-март күнү Түп райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан Тасма айылынын 27 жаштагы А.М аттуу тургуну бычактан алган жаракаты менен түшкөндүгү тууралуу маалымат айтылган. Дарыгерлер бейтапты текшергенде ал өлүп калганы белгилүү болгон.

Бул билдирүү райондук ИИБде катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн.

Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу күбөлөрдү суракка алып, ошол күнү үй-бүлөлүк чырдан улам Тасма айылынын 63 жаштагы тургуну А.М. аттуу баласынын сол жамбашынын аймагына бычак менен 1 жолу сайган. Баласы алган жараатынан ооруканага жетпей каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кылмышка шектүү Түп районунун ИИБнын тергөө абагына камакка алынган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жасалган кылмыштын себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 3635