Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда катуу шамал үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-февралда саат 15:00 чамасында секундасына 22 метрге чейин жеткен шамал Чолпон-Ата шаарында катталды.
«Шамалдын кесепетинен Советская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатыры учту. Жерине 3 куткаруучу тартылып, шамалдын кесепеттери жоюлду. Жеринде абалды тактоо максатында райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда Балыкчы шаарында секундасына 24 метрге чейин жеткен шамал катталууда. Кошумча маалымат берилерин мекемеден билдиришти.