• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Ысык-Көлдүктөр Мариповду жол тандабастан түшүрүп, Аудиге отургузушту

6 Баш оона 2021 15:52 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургундары премьер-министр Улукбек Мариповго айылдын жолдорунун абалын көрсөтүү үчүн аны эски Аудиге салышкан. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Миң-Булак айылынын тургундары министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кортежин токтотуп, көйгөйлөрүн айтышкан.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунда жумушчу сапар менен жүрөт. Сапардын жүрүшүндө Марипов сел ташкындардан жабыркаган райондорго барат, Чолпон-Ата шаарындагы тазалоочу курулмалардын абалы, ошондой эле бир катар ишканалардын жана Каракол шаарындагы зоопарктын иши менен таанышат.

Количество просмотров: 4881