ӨКМдин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 7-декабрга караган түнү саат 1:03тө Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кутургу айылында сарай күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.
Жерине Түп райондук ӨКБдан саат 1:05те жана 1:46да 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Тилсиз жоо саат 3:11де чектөөгө алынып, саат эртең мененки 9:29да толугу менен өчүрүлдү.
Жалпысынан тилсиз жоо 1300 чарчы метр квадрат аянтты камтып, Чөп жыйноочу жайдан бардыгы 2000 түк чөп жана 500 саман, ошондой эле 5 торпок күйгөн.
Ал эми калган 10 бодосу, 30 коюу сакталып калды. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда