• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ысык-Көлдө милиция кызматкери чөгүп жаткан өспүрүмдү куткарып калды

29 Теке 2021 15:12 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө милиция кызматкери чөгүп жаткан өспүрүмдү куткарып калды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 28-июль күнү Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкери, милициянын старшинасы Акылбек Токталиев өзүнүн кесиптештери менен Каракол-Пристань шаарчасындагы көл жээгинде коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан учурда сууга чөгүп жаткан 14 жаштагы өспүрүмдү куткарып алган.

«Милиция кызматкери көлдүн жээгинде чогулган адамдардан биринчилерден болуп, убакыттын ар бир секундасы кымбат экенин түшүнүп, формасын чечпестен көлгө кирип уландын өмүрүн сактап калууга аракет көргөн. Жээктен, чөккөн өспүрүмгө жардам көрсөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 390