• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлдө милиция УКТ мүчөлөрүнө шайлоо алдында түшүндүрүү иштерин жүргүздү (видео)

22 Жетинин айы 2021 10:15 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн арасында алдын алуу иштерин жүргүздү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоо процессине УКТнын мүчөлөрүнүн криминалдык кийлигишүүсүнө жана аймакта коомдук-саясий кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Ысык-Көл ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын алдындагы уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан аталган контингенттин өкүлдөрү арасында күчөтүлгөн алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Аталган профилактикалык иш-чаралардын алкагында ИИМдин ыкчам каттоосунда турган УКТнын активдүү мүчөлөрү ички иштер бөлүмдөрүнө алынып келинип, алар менен тийиштүү профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө шайлоо процесстерине алардын мыйзамсыз кийлигишүүсүнө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого жол берилбестиги, эгерде ушундай фактылар аныкталса мыйзам чегинде жоопко тартылары эскертилди», — деп айтылат маалыматта.

«Ысык-Көл облусунун милициясы жарандардан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн шайлоо процесстерине кийлигишүүсүнө же башка мыйзамсыз аракеттерине күбөө болушса, 0702877876, 0704652973 байланыш телефондору менен кайрылууну өтүнүшөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кайрылган жарандардын анонимдүүлүгү боюнча купуя сыр сакталарына кепилдик берилет.

Количество просмотров: 262