• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган браконьерлер кармалды

19 Үчтүн айы 2024 17:49 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облустук милициядан билдиришкендей, учурда Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык кармоого бөгөт коюу максатында активдүү иш-аракеттер уланууда.

Жакында туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык уулоо менен алектенип жаткан 40 жаштагы Түп айылынын тургуну Р.Б. кармалган. Кармалган жарандан 15 даана сига-лудога балыгы жана 100 метр кытай синтетикалык тору алынган.

Мындан тышкары, Түп районунун Күрмөнтү айылында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык взводунун тескөөчүлөрү тарабына көлдүн жээгинен мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен Б.М. аттуу 67 жаштагы жергиликтүү тургунду кармашкан. Андан далил зат катары 9 даана сига-лудога, 18 даана лещ балыгы жана 100 метирлик кытай синтетикалык тору алынды.

Аталган фактылар аймактык ички иштер бөлүмдөрүндө катталып, топтолгон материалдар тергөө кызматтарына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 204