16-июлда Ысык-Көлдөн келе жаткан унаалардын тыгыны бир нече чакырымдарга созулду. Бул туурасында соцтармактарга тараган ыидеолордо маалымдалууда.
Тасмадан тыгында батыраак үйлөрүнө жетүүнү каалаган айрым айдоочулар каршы тилкеге чыгып айдап жатышканын да көрүүгө болот.
Маалыматтар боюнча тыгындын узундугу болжол менен 20 чакырымга жеткен.
Окурмандардын айтымында, жолдо жол кайгуул кызматы жок жана эреже бузгандарды эч ким көзөмөлдөбөйт.