• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ысык-Көлдүн мамлекеттик нотариустарына карата кылмыш иши козголду

17 Бугу 2023 17:00 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына карата кылмыш иши козголду, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик нотариустар КР мыйзамдарын одоно бузуу менен нотариалдык келишимдерди каттаган (ар кандай мүлктү пайдалануу жана тескөө укугуна ишеним каттарды түзүү (жарактуулук мөөнөтүнө карабастан), анын ичинде ишенимге өткөрүп берүү (унаа башкаруу жана тескөө үчүн ишеним кат, кыймылсыз мүлктү сатууга ишеним каттар ж.б.у.с.) мурастоо күбөлүктөрүн берүү, кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү (сатып алуу-сатуу келишимдери) боюнча келишимдердин күбөлүктөрү).

2023-жылдын 27-апрелинен 5-майына чейинки мезгилде Каракол шаарынын, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун мамлекеттик нотариустарында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жана санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө жасалма ишеним каттар, каттоо журналдар жана кылмыш ишине тиешелуу башка нерселер табылып алынды.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 219