• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдүн тургунунун үйүнөн баңгизат жана октору менен куралдар табылды

25 Жалган куран 2022 11:05 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө 49 жаштагы жарандын үйүнөн баңгизат жана октору менен куралдар табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга ыкчам маалымат түшүп, анда Ак-Суу районунун тургуну жеке кызыкчылыгы үчүн үйүндө ок-дарыларды жана куралдарды сактап жүргөндүгү айтылган.

Бул маалымат Ысык-Көл облустук милициясына каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (“Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталган. Ал Ак-Суу районуна караштуу Бөрүбаш айылынын 1973 жылы туулган А.Р. экендиги белгилүү болгон.

Каракол шаардык сотунун токтомунун негизинде жогоруда аталган жарандын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 1 даана 12 калибрдеги, 1 даана 16 калибрдеги, 1 даана 16 калибрдеги ок атуучу куралдар жана автоматтын 5,45 мм калибрдеги 5 даана жана 7, 62 мм калибрдеги 5 даана октору, 14 даана 16 калибрдеги, 24 даана 12 калибрдеги патрондор жана 2 даана оптикалык приборлору табылып алынды.

Андан сырткары, тинтүү учурунда 3 литрлик айнек идиште жапайы кара куурай баңгизаты өсүмдүгүнө окшош өзгөчө жыты бар, кочкул күрөң суюктук табылган. Ошондой эле чөпкананын чатырынан эки каптын ичине салынган баңги затына окшош жапайы өскөн өзгөчө кендир жыты бар кургатылган өсүмдүк табылып алынган.

Экспертизанын жыйынтыгы менен алынган өсүмдүк кургатылган марихуана баӊгизатына кирери жана жалпы салмагы 8 килограмм 875 грамм экендиги аныкталган.

Ал эми алынган курал ички иштер органында катталбагандыгы белгилүү болуп, соттук-баллистикалык экспертизасы дайындалды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 734