Ысык-Көлдүн жээгинен 58 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылынын 58 жаштагы К.Т. аттуу жараны кечээ, 13-июнда таңкы саат 09:00 чамасында көл жээк тарапка мал жандыктарын айдап кеткен. Саат 15:40 чамаларында жергиликтүү тургундар көрүшкөн. Ал эми саат 18:00 чамасында үй-бүлөсү анын уюлдук телефонуна чалганда өчүк болуп чыккан. Натыйжада Тоң райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө маалымат беришкен.
«5 куткаруучу, райондук ички иштер бөлүмүнөн 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам издөө иштерине чыгышкан. Издөөнүн натыйжасында бүгүн, 14-июнда саат 10:56 чамасында жарандын жансыз денеси Шор-Булак айылынын Ак-Курчоо участкасынын көл жээк тарабынын 15-чакырымында табылган»,-деп айтылат маалыматта.
Жарандын эмне болуп каза болгону боюнча райондук милиция тарабынан териштирүү жүргүзүлүүдө.