• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө сел 10дон ашык үйдүн короосун каптады

20 Бугу 20269:26 Бишкек Govori.TV

19-майда жааган жаандын кесепетинен Каракол — Энилчек унаа жолунун 10-чакырымындагы жолдун жээгин жеп, жалпы 11 турак үйдүн анын ичинен Маман айылында 4 турак үйдүн, Отуз-Уул айылында 3, Үч -Кайнар айылында 4 турак үйдүн короо жайларына суу кирген. Бул тууралуу ӨКМдин жергиликтүү башкармалыгынан билдиришти.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде 9 куткаруучу , Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, айыл аймактан 2 экскаватор, «Чайна Роуд» ишканасынан 1 экскаватор тартылган.

Количество просмотров: 118