• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлери үчүн 4 батирлүү үй пайдаланууга берилди

4 Жетинин айы 2021 12:55 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн 4 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, инфраструктураны өркүндөтүү жана куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштер улантылууда.

«4-ноябрда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында 4 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Батирлерди пайдаланууга берүү аземинде КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы К.А. Жумадылов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ветерандары катышты»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 105