• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө унаа тосмону сүзүп, бир жаран каза болду

7 Аяк оона 2020 11:03 Бишкек Govori.TV

7-сентябрь күнү саат 04:47де Бишкек-Ананьево-Каракол унаа жолунун 65-чакырымында (Сары-Ой айылы) “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бетон тосмону сүзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыкка 29 жаштагы эки эркек киши кабылып, анын бирөө каза болгон.

Жабыркаган жаранды тез жардам кызматкерлери Чолпон-Ата шаардык ооруканасына алып барышкан. Ал эми каза болгон адамдын сөөгүн куткаруучулар унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 82