• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көлдө жаш өспүрүмгө карата ыплас аракеттерди жасаган жаран кармалды

9 Баш оона 2022 16:25 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө жаш өспүрүмгө карата ыплас аракеттерди кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 29-июль күнү Балыкчы ШИИБине жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз жаран анын тогуз жаштагы кызына карата адепсиз жоруктарды жасаганын билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, ошол күнү саат 18:30дар чамасында белгисиз жигит кызын көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып келип, жаш өспүрүмгө карата жыныстык катнашсыз ыплас аракеттерди көргөн. Ал эми өтүп бараткан адамдарды көрүп калганда, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт Балыкчы ШИИБдин КБРине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 158 (Ыплас аракеттер) беренеси менен кылмыш иш козголгон.

Балыкчы ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаш өспүрүмгө карата кылмышка шектүү жаран аныкталып, кармалган. Ал Нарын облусунун тургуну, шаардагы эс алуу үйлөрдүн биринде келишимдик негизде иштеген 28 жаштагы Т.К. болуп чыкты.

Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда тергөө амалдары уланууда..

Количество просмотров: 531