Бишкек шаарынын жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерин Ысык-Көл облусунда унаа сүзүп кетти. Башкармалыктын басма сөз кызматы 17-августта билдиргендей, кызматкер Элистан Арзыбеков жол тыгынын жөнгө салып жатканда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөн.
Ошол замат ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Бул окуя ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө экени жазылган.

“Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына алып келинүүчү медициналык кызматтык унаа даяр. Медицина кызматкерлери уруксат берээр замат Бишкек шаарына алынып келинип, Республикалык ооруканага жаткарылып, ыкчам түрдө медициналык бардык жардамдар берилип, ден соолугун калыбына келтирүү үчүн баардык чаралар көрүлөт”, — деп айтылган маалыматта.
буга чейин интернетте бир топ жарандар эс-учун жоготкон патрулчу досун Чолпон-Атадан Бишкекке алып барууну Саламаттыкты сактоо министри менен ИИМден суранган кайрылуу пайда болгон.
Милиционердин достору Ысык-Көлдөгү ооруканаларда тиешелүү жабдыктар жок болгондуктан, аны борборго алып барууну суранышкан.
Буга чейин 18-июлда да Чолпон-Ата шаарында иш учурунда Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Мирлан Талайбековду кичи автобус сүзүп кеткен. Кызматкер башынан жараат алып, ооруканага жаткырылган.
Жыл сайын жайкы туристтик сезон учурунда Бишкек шаардык жол коопсуздук башкармалыгы айрым кызматкерлерди Ысык-Көл облусуна жиберип турат.