Милициянын кайгуул кызматынын инспектору Элистан Арзыбеков
Чолпон-Ата шаарынан Бишкек шаарындагы ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторов билдирди.
Арзыбеков 15-августта кечинде Ысык-Көл облусунун аймагында жол кырсыкка
кабылган. Учурда абалы оор деп бааланып жатат (комада).

Буга чейин жакындары менен кесиптештери бейтапты Бишкекке которууну суранып
жатышкан. Дарыгерлер консилиумдун жыйынтыгы менен чечим кабыл алышты.
17-августта кайгуул кызматкери Элистан Арзыбеков Ысык-Көл облусунда жол тыгынын жөнгө салып жаткан маалда аны Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Ал Бишкек шаардык жол коопсуздук башкармалыгынын кызматкери жана Ысык-Көлгө убактылуу которулган.
ИИМ жана Саламаттык сактоо министрлиги анын ден соолугу боюнча маалымат бере элек.
ИИМдин ЖКККББнын жетекчиси кайгуул кызматынын кызматкерине кырдаалга карабай жардамын көрсөтүп жаткан дарыгерлерге жана жакын туугандарына терең ыраазычылыгын билдирет.