• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлгө 8 жылдан бери алгачкы жолу Жалал-Абаддан жүргүнчү ташыган учак конду

1 Теке 2021 15:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июлда Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна 8 жылдан бери алгачкы жолу Жалал-Абаддан жүргүнчү ташыган учак конду.

«Тез жет» авиакомпаниясы Жалал-Абад — Тамчы багытында 91 жүргүнчүнү, анын ичинде 13 баланы алып келип, кайра Тамчы — Жалал-Абад багыты боюнча 11 жүргүнчүнү алып кетти.

Жалал-Абад — Тамчы аба каттамы жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлмөкчү.
Буга чейин аталган багыт боюнча аба каттамы 18-июндан тарта жүргүзүлөрү кабарланып, бирок ишке ашкан эмес.

Жалал-Абаддан Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата, Каракол шаарларына 2000-жылга чейин бир жылдай учак каттаган. Кийин жайында гана мезгилдик авиакаттам уюштурулуп, акыркы каттам 2013-жылы аткарылган.

“Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, туристтик сезонго байланыштуу Ысык-Көлгө каттамдар чет өлкөлөрдөн да жанданууда. Буга чейин Орусиядан жана Казакстандан учактар каттап турган. Өзбекстандын Ташкент шаарынан быйыл алгачкы учак 11-июлда учуп келет. “Өзбекстан аба жолдору” компаниясынын учагы туристтик сезон маалында Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортуна жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү учуп келип-кетип турат. Учуу убактысы 1 саат 30 мүнөттү түзөт.

Количество просмотров: 314