• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлгө салына турган «Асман» эко шаары Остап Бендердин фантазиясын эске салабы?

7 Теке 2021 12:37 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда 500 миң адамга ылайыкталган «Асман» шаарын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Авторлордун концепциясы боюнча аталган шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болот. Анда алдыңкы билим берүү системасын киргизүү, заманбап ден соолукту чыңдоочу жайлар жана бизнес борборлорун, стадиондорду куруу, жогорку технологиялык парктарды, ошондой эле каржылык-кредиттик мекемелерди жайгаштыруу каралган.

Долбоорго ылайык, 4 миң гектардык аянтты ээлеген жаңы калаанын курулушуна шаарды оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттан азыраак сумма сарпталат. Өндүрүштүк инфраструктурасы «акылдуу шаар» классында жогорку технологиялык жактан иштеп чыгууларга негизделип, альтернативдүү энергия булактарын пайдалануу, ресурстарды жана транспорттун экологиялык таза түрлөрүн колдонуу, ошондой эле жашыл экономика принциптерин сактоо менен ишке ашырылат.

Шаар 500 миң кишинин туруктуу жашоосуна ылайыкталган. Кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда, резервдик потенциал 700 миңге чейин чыгат. Долбоор 7-10 жылдын аралыгында ишке ашырылары болжолдонууда. Үстүнөн караганда комуз улуттук музыкалык аспабына окшош болгон шаарды Ысык-Көл облусуна куруу мерчемделген.

Бул социалдык тармакта кызуу талкуу жаратып жатат. Айрымдары «Асман» — келечектин шаары» долбоору Остап Бендердин фантазиясын эске саларын жазышууда.

Количество просмотров: 336