• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлгө топурак төгүлүп жатканы айтылды. Министрлик эмне дейт?

22 Чын куран 202611:36 Бишкек Govori.TV

Курулуш министрлиги Ысык-Көлдүн жээгинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат таратты.

Министрлик социалдык тармактарда Тамчы аймагындагы көл жээгинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча такталбаган маалыматтар тарап жатканын айтып, ал эми жүргүзүлүп жаткан иштер көлдүн жээги саздак болгондуктан туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун сактоо максатында жасалып жатканын билдирди.

«Мындай ыкма чет өлкөлөрдөгү алдыңкы туристтик обьекттерде кеңири колдонулуп келет.
Учурда аталган аймакта көлдүн жээгиндеги саздак участоктордун абалын жакшыртуу жана жээкти бекемдөө максатында гана грунт төгүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер көлдүн акваториясын кеңейтүү же көлдү толтуруу максатын көздөбөйт. Төгүлгөн грунт белгиленген көлөмдө тегизделип бүткөндөн кийин жээк мурдагы чегинде сакталат, саздак жерлердин абалы гана жакшыртылат.
Белгилей кетсек, бул жерде колдонулуп жаткан грунт ушул эле аймактан алынган. Грунт төгүлгөндөн кийин үстүнө кошумча эленген кум катмары төшөлөт», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 104