• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Шектүүнү кыйноого алган кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы соттолду

16 Кулжа 2023 15:12 Бишкек Govori.TV

Тергөө абагында шектүүнү кыйноого алганы үчүн Наманган облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Умид Рауповдун эркиндиги үч жылга чектелди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, Наманган шаардык соту Рауповго карата өкүмдү 8-майда эле чыгарган. Бирок андан бери өкүмдү Жогорку соттун да, жергиликтүү соттун да басма сөз кызматтары расмий жарыялаган эмес.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, 2022-жылы октябрда таасири күчтүү «Тропикамид» жана «Регапен» дарыларын алып жүргөн тургун кармалып, Наманган шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Анын ишин Мамлекеттик коопсуздук комитети тергеп жатканына карабастан, Умид Раупов шектүүнүн камерасына кирип, аны «кыйноого алып, психологиялык жана физикалык басым көрсөткөн».

Соттук-медициналык экспертиза шектүүнүн денесинде түрдүү жаракаттар болгонун ырастаган. Бирок «алар саламаттыгына олуттуу зыян келтирбегендиктен», жеңил жаракаттар деп табылган.

Быйыл марттын ортосунда Рауповго «Ыйгарым укуктарын ашкере пайдалануу» жана «Кыйноо» беренелери боюнча айып тагылган.

Сотто ал күнөөсүн мойнуна алып, эркиндиги үч жылга чектелген. Мындан тышкары анын үч жыл ички иштер түзүмдөрүндө иштөөсүнө тыюу салынган.

Количество просмотров: 130