• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“Өз агасын агалай албаган, киши агасын сагалайт”… Василивецкийге жамынган КСДП…

27 Жетинин айы 2018 17:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.11.2018.Govori.TV.
Экс-президенттин кол тийбестигине курултайдын катышуучулары түгүл, эл өкүлдөрү дагы тынчсызданып, ал эми учурдагы президенттин ишин канааттандыраарлык деп бааланышы учурда таптакыр орду жок маселе. Анткени, КСДП партиясынын саясий технологу аталып келген Алексей Василивецкийдин билдирүүсү буга чейинки КСДПнын ортосундагы жарылган “жараны” ырбатмак түгүл, таптакыр арылатып салды. Тактап айтканда, чет элдик жарандын президенттик шайлоо тууралуу билдирүүсү мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтире турган окуя болуп саналат.
Эске салсак, Өмүрбек Бабановду кабыл алган Нурсултан Назарбаев тууралуу экс-президент ачуусун бүрккөн эле.
Ал мындай пикирин бир эмес бир нече ирээт кайталаган.
Ошентип башталганда эле кыйшык кеткен президенттик шайлоо бүгүнкү күнгө чейин тынчыбай, КСДП партиясынын саясий технологу аталып келген Алексей Василивецкий орус жараны экенин, былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго кеңеш берип иштегенин, бул үчүн акы алганы чын экенин, соңку кезде аңдуулар жана кооптуу билдирүүлөр болуп жатканы үчүн Кыргызстанда сегиз жыл иштегенден кийин кетип жатканын айтты.
Василивецкийдин аты жакында укук коргоочу Нурбек Токтакунов «Жээнбековдун борбордук штабы шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесинде бир нече жолу жазылган. Ага чейин элдин эсинде болсо, Алексей Василивецкий тууралуу былтыр КСДПнын жаштар канатын башкарып, кийин АКШга кетип калган Ренат Самудинов айтып чыккан. Бул пикирин кечээ дагы тастыктады.
Василивецкий өзү видеокайрылуусунда айткандай, ал 2010-жылдан тарта КСДПга кеңеш берип иштеп келген. Демек, КСДП эки президенттик шайлоодо тең чет элдик жаранга артыкчылык берип келген. Эске салсак, мындай чет элдик жаранга артыкчылык берген окуя бул гана эмес. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Россия Федерациясынын жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү аркылуу камалып, бүгүнкү күндө Леонид Маевский өзү камакта отурат.
Мындай мисалдар кыргыз бийлигинин жана кыргыз коомунун өз жарандарын сыйлабайт деген аргасыз ойго түртөт. КСДПнын 7 жылдык иш аракетин көзөмөлдөгөн кеңешчиси Алексей Василивецкий эртең кайрадан каражатка байланган кызыкчылык үчүн тараптардын биринин кызыкчылыгын көздөп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Чала-була журналист, Орто Азия боюнча эксперт болгон Алексей Василивецкий Атамбаевдин имиджин түзүп, калк арасында анын саясатын жүргүзүгө чоң салым кошуп, а түгүл спичрайтери болуп келген.
Мунун өзү кыргыз саясатчыларынын кыргыздарга жана кыргызстандыктарга ишеним менен карабай тургандыгын, тышкы күчтөргө баары бир көзкаранды болуп келгендигин далилдейт.
Минтип, КСДПнын айланасындагы окуялар президенттин легитимдүүлүгүнө “көлөкө” түшүрүп, сырттан келген политтехнологдор абийирин ачып, мамлекеттүүлүккө доо кетирип жаткан учурда Кытайдагы кыргыздар Бээжин «саясий тарбиялоочу борбор» деп атаган лагерлерде бейкүнөө жана себепсиз кармалып, катуу кыйноого кабылып жаткан кыргыздарга жардам сурап, Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Президент жана Тышкы иштер министрлиги кайрылууга жооп кайтара элек. Ушундан улам “өз агасын агалай албаган, киши агасын сагалайт” деген кылымдарды карыткан кыргыз макалы эске түшпөй койбойт.

Количество просмотров: 184