• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Суицидге барганы айтылган прокурордун сөөгү 11-сентябрда жерге берилет

10 Аяк оона 201817:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.09.2018.Govori.TV.
Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошевдин сөөгү 11-сентябрда өзү туулган Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында жерге берилет.
Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришти. Төрө Кожошевдин сөөгү 10-сентябрда эртең менен Ош шаарынын четиндеги Фуркат айылында өзү жашаган үйдөн табылган. Анын асынып өлгөнү айтылган.
Башкы прокуратура Кожошевдин суицидге барганын ырастап, бирок анын өлүмү тууралуу кененирээк комментарий бере элек. Териштирүү, иликтөө иштери жүргүзүлө турганын маалымдады.
Кошумчалай кетсек, 54 жаштагы Кожошев беш баланын  атасы болгон.
Количество просмотров: 51