• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Өзүнүн бетине өзү түкүрөт». Шакиев Мадумаровдун дарегине сын айтты

11 Бугу 2023 12:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-Майдан Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун дарегине сын айтты.

«Бизде ушундай демократия. Ар ким оозуна келгенин, каалаганын сүйлөйт. Биздин бир ораторубуз дагы айтты: «мен бул иш-чарага келбейт болчумун» деп, бирок келди. «Катышпайт болчумун» дегени менен катышып отурат. Мындай эки жүздүүлүктүн чеги болот. Мындай учурларды сөзсүз белгилеп коюшубуз керек. «Мен бул бийликке түкүрдүм» дейт. Өзү бийликтин бир бутагы болгон парламенттин депутаты. Өзүнүн бетине өзү түкүрөт. Биз ачуу менен таттууну ачык айтып коюшубуз керек»,-деп билдирди Шакиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Баш мыйзамдын 30 жылдыгына арналган жыйында депутат Адахан Мадумаров сөз сүйлөп, бүгүнкү иш-чарага катышпай койсомбу деген ою болгонун айткан.

Количество просмотров: 926